ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө баалардын жана тарифтердин өсүшү байкалууда

 ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө баалардын жана тарифтердин өсүшү байкалууда

2025-жылдын январында мурунку айга салыштырмалуу ЕАЭБдин бардык мүчө өлкөлөрүндө керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы катталды.

Статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда баанын өсүшү (0,6 пайызга) белгиленди, бул азык-түлүк товарлардын бааларынын өсүшү менен шартталды.

Ошондой эле, 2025-жылдын январында 2024-жылдын январына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (9,9 пайыз) Россияда  катталып, негизинен азык-түлүк товарларынын баалары (анын ичинде алкоголдук ичимдиктери жана тамеки азыктары) – 11,1 пайызга эң көп жогорулаган.

Азык-түлүк эмес товарларга баалардын (8,4 пайызга) жана кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин (13,8 пайызга) максималдуу өсүшү Казакстанда катталган.

Связанный пост