ЕАЭБ талаптарына жооп бербеген жүктөр Кыргызстанга киргизилбейт
Бүгүн Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин директору М.А. Кочеров кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» жана «Кант» көзөмөл пункттарынын ишин пландан тышкары текшерди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Каникул күндөрүнө карабай жүргүзүлгөн бул текшерүүдө импорт-экспорт жүктөрүнүн фитосанитардык коопсуздугун жана ЕАЭБ талаптарынын сакталышын күчөтүү тапшырмасы берилди.
Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары тарабынан карантинге алынган продукцияны импорттоодо жана экспорттоодо фитосанитардык талаптарды так сактоо жана көзөмөлдү күчөтүү боюнча көрсөтмөлөр берилди.
Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндө мыйзам бузуулар табылган учурда айыл чарба продукциясын кайтарып берүү, жок кылуу же зыянсыздандыруу сыяктуу тиешелүү чараларды көрүү зарыл.
Ошондой эле республиканын аймагына ЕАЭБдин фитосанитардык талаптарына жооп бербеген, коопсуздукка коркунуч келтирген жүктөрдү киргизбөө боюнча тапшырмалар берилди.