“Эң мыкты айыл өкмөтү” сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды
Президенттин администрациясында “Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жеңүүчүлөрдү куттуктап, бул конкурс айыл өкмөттөрүнүн айылдарды өнүктүрүүгө багытталган жаңы демилгелерди ишке ашыруусуна түрткү болорун белгиледи.
“Айыл өкмөтүнүн мүмкүнчүлүгү толук ачыла элек. Мисалы, учурда 2023-жылы “Бир айыл – бир продукт” улуттук экономикалык долбооруна катышкан айылдардын бир канчасы гана өндүргөн продукциясын экспорттоп жатат. Мугалимдер менен окуучуларга тийиштүү шарттарды түзүп, шаардык билим берүү мекемелери менен атаандаша алган айыл өкмөттөрүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө басым жасагым келет. Ошондой эле креативдүү экономиканы өнүктүрүү жаатында демилгелерди күтөбүз. Мындай аракеттер шаарлар менен айылдардын ортосундагы ажырымды кыскартып, тең салмактуу урбанизация процессин камсыз кылуу менен шаарлардын жана айылдардын өнүгүшүнө олуттуу таасир этет. Биргелешкен аракеттер менен биз айылдарда ишкердикти өнүктүрүүгө жана заманбап окуу жайларын, медициналык мекемелерди, маданий жана эс алуу борборлорун түзүүгө жетишебиз. Жакынкы жылдары ар бир айылдагы жолдорго асфальт төшөп, ипотекалык турак жайларды курууну көздөп жатабыз, бул тургундардын жашоо сапатын бир топ жакшыртат”, – деди ал.
Жалпы мамлекеттик сынак 12 млн сомдук байге фонду менен эки категориядагы айыл өкмөттөрүнүн арасында өткөрүлдү — бийик тоолуу жана чек арага жакын райондордо жайгашкан, ошондой эле калган айыл өкмөттөрү.
Бийик тоолуу жана чек арага жакын райондордогу айыл өкмөттөрүнүн арасында сынактын жеңүүчүлөрү болуп төмөнкүлөр табылды:
- I орун — Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү, байгеси 3 млн сом;
- II орун — Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтү, байгеси 2 млн сом;
- III орун — Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтү, байгеси 1 млн сом.
Жалпы айыл өкмөттөрүнүн арасындагы конкурстун жеңүүчүлөрү болуп төмөнкүлөр табылды:
- I орун — Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ысык-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтү, байгеси 3 млн сом;
- II орун — Чүй облусунун Аламүдүн районунун Достук айыл аймагынын айыл өкмөтү, байгеси 2 млн сом;
- III орун — Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын айыл өкмөтү, байгеси 1 млн сом.
Конкурстун баалоо критерийлери социалдык-экономикалык негизги багыттарды камтыган. Баалоодо калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү, маданий, көңүл ачуучу жана спорттук иш-чараларды уюштуруу, ишкердикти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруу, инвестицияларды тартуу, финансылык каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу жана башка көрсөткүчтөр эске алынган.