Дзюдо боюнча өспүрүмдөр курама командасы Азия чемпионатында 5 медаль жеңди

 Дзюдо боюнча өспүрүмдөр курама командасы Азия чемпионатында 5 медаль жеңди

Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөлөрү Ташкент шаарында (Өзбекстан) өтүп жаткан Азия чемпионатында 5 медаль (1 алтын, 1 күмүш, 3 коло) жеңди.

Кыздар арасында 57 кг чейинки салмакта Жанар Жолдошева алтын медалга ээ болсо, +70 кг салмакта Акмаржан Турдажиева күмүш медаль тагынды.

Балдар арасында 55 кг чейинки салмакта Адис Орозмаматов, 73 кг чейинки салмак категориясында Арсен Анарбеков жана 90 кг чейинки салмакта Даут Полтушев коло медалдарга ээ болушту. Жалпы командалык эсеп боюнча ата-мекендик спортчулар 5-орунду ээлешти.

Белгилей кетсек, дзюдо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасында Азия чемпионаты Ташкент шаарында (Өзбекстан) өтүп жатат. 16-ноябрь күнү башталган мелдештер 19-ноябрда жыйынтыкталат.

Связанный пост