Дыйкандарга 8,7 миңден ашык айыл чарба техникасы лизингге берилди

2011‑жылы Кыргыз Республикасында айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында «Гослизинг-1–6» кредиттик линиялары жана ЕАБР (Евразия Өнүктүрүү Банкы) тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор активдүү жүрүп жатат.
Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоорлордун аткаруучу операторлору «Айыл Банкы» ААК жана «Элдик Банкы» ААК болуп саналат.
Маалыматта белгиленгендей, лизинг негизги фонддорду техникалык жактан жабдуу, өлкөнүн машина-трактор паркын кайра жабдуу жана модернизациялоо, техникалык тейлөөнүн инфраструктурасын кеңейтүү жагынан айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында ишке ашырылат.
“2011‑жылынын башталган мезгилден бери, мал чарбасын эске албаганда, республика боюнча айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө жалпы 24,0 млрд сом каражатка 8 735 даана ар түрдүү айыл чарба техникасы лизинг аркылуу берилди”,-деп айтылат маалыматта.