Дыйкандар менен фермерлерге 150 млн сомго чейин жеңилдетилген насыялар бериле баштайт
2025-жылдын 1-январынан тарта “Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо” долбоору ишке кирет. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.
Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоордун максаты – жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен кичи товардык өндүрүштү ирилештирүү процессине дем берүү жана бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Долбоор 5 жыл иштеп, республикалык бюджеттен, «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» тарабынан каржыланат.
Алсак, мал жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк менен алектенген бирдиктүү товар өндүрүүчүлөр үчүн кредиттик каражаттар 25 миллион сомго чейин 6 пайыздык үстөк менен 6 айга берилет.
Ал эми товар өндүрүүчүлөрдүн бирикмелери менен кластердик бирикмелерди түзгөн кайра иштетүү өнөр жайынын ишканалары 6 айга 6 пайыз менен 150 миллион сомго чейин каражат ала алат.
Ошондой эле жогорку эффективдүү жана ресурстарды үнөмдөөчү технология (тамчылатып сугаруу, жаадырып сугаруу) менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн күнөскана чарбасын жүргүзүү менен, айыл чарба техникасынын жана жаныбарлардын лизинги менен, машина-трактордук станцияларды түзүү (МТС) менен алектенген, бириккен коомдорду түзүшкөн чарба жүргүзүүчү субъекттерге 50,0 млн. сомго чейин, 60 айга 6 пайыздык чен менен насыялар каралган.