Дыйкан-фермерлерге 2,4 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди

“Айыл чарбасын каржылоо -13” долбоору боюнча 15-майга карата 4006 насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, насыялоонун жалпы суммасы 2 млрд 451 млн 407 миңду түздү.
Анын ичинен “өсүмдүк өстүрүү” боюнча жалпы 358878,0 миң сомго 746 насыя берилди:
- “Айыл Банк” аркылуу 187 млн 742 миң сомго 395 насыя;
- “Элдик Банк” 171 млн 136 миң сомго 351 насыя.
“Мал чарбачылык” боюнча жалпы 1 млрд 940 млн 521 миң сомго 3 180 насыя берилди:
- “Айыл Банк” аркылуу 879 млн 291 миң сомго 1 425 насыя;
- “Элдик Банк” аркылуу 1 млрд 61 млн 230 миң сомго 1 755 насыя.
Ал эми “сууну үнөмдөөчү технологиялары” боюнча 12 млн 700 миң сомго 15 насыя берилди:
- “Айыл Банк” аркылуу 10 млн 200 миң сомго 12 насыя;
- “Элдик Банк” аркылуу 2 млн 500 миң сомго 3 насыя.
“Лизинг” боюнча жалпы 139 млн 308 миң сомго 65 насыя берилди:
- “Айыл Банк” аркылуу 84 млн 667 миң сомго 41 насыя;
- “Элдик Банк” аркылуу 54 млн 641 миң сомго 24 насыя.