Дыйкан-фермерлер үчүн Россиядан 40 тонна сапаттуу буудай үрөнү алып келинүүдө

3 пайыздык жеңилдетилген насыя алган дыйкан жана фермерлер үчүн Россиянын “Щёлково Агрохим” компаниясынан 40 тонна суперэлита жана элита репродукциясындагы сапаттуу буудай үрөндөрү алып келинүүдө.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул үрөндөр кийинки жылдары көбөйтүлүп, жергиликтүү фермерлерге таратыла баштайт.
Мындан тышкары, үрөндү сыноо жана адаптациялоо иштери тиешелүү агрохимиялык жана лабораториялык борборлордо жүргүзүлүп, Кыргызстандын климаттык шартына эң ылайыктуу сорттор тандалып алынат.
Бул демилге айыл чарба продукцияларынын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга, үрөнчүлүк тармагын өнүктүрүүгө жана агрардык рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүштү түзүүгө өбөлгө түзөт.
Айыл чарба министрлиги үрөнчүлүк тармагындагы реформаларды улантуу, эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтүү жана фермерлерге сапаттуу үрөн материалдарын жеткирүү боюнча иштерди системалуу түрдө жүргүзүп келет.