Достук айылынын тургундары үчүн заманбап шарттагы үйлөр курулууда

 Достук айылынын тургундары үчүн заманбап шарттагы үйлөр курулууда

Достук айылынын тургундары үчүн заманбап шарттагы үйлөр курулууда. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев телеканалдардын биринде берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Достук айылындагы 71 үй жаңы Достук айылына көчүрүлөт. Учурда атайын долбоор иштелип чыгып, заманбап үйлөрдүн курулуш иштери башталды.

“Жаңы Достук айылы Баткен шаарына жакын жерде жайгашкан. Баткен шаарынын инфраструктурасына кошулууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Мурунку үйлөргө салыштырмалуу үйлөрдөгү шарт жакшыраак болот. Үйлөрдүн жайгашкан жери абдан жакшы. Ар бирине заман талабына жараша үйлөр курулууда”,-деди Орунтаев.

Связанный пост