Дордойдогу “Алкан” базарынын 120 чарчы метри өрттөндү

Дордойдун “Алкан” базарынын 120 чарчы метри өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Базардан чыккан өрт 3-сентябрга караган түнү саат 00:26да чектөөгө алынган.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм жана штаб тартылган. Бактыга жараша жаракат алгандар жок.