“Дордойдо” салык чогултуу 3 эсеге өстү
Мамлекеттик салык кызматы “Дордой” соода-базар комплексинин аймагында “Базар” маалыматтык системасын киргизүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун “Дордой соода-базар комплексинин базарларында жана кичи базарларында салыктык башкаруу боюнча пилоттук долбоорлорду өткөрүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында салык кызматы 2025-жылдын 15-мартынан 15-августуна чейин пилоттук долбоорду ишке ашырды.
Долбоордун жүрүшүндө базардын администрациясы өзү салык агенти болуп, ишкерлердин салыктык милдеттенмелерин жана камсыздандыруу төлөмдөрүн эсепке алуу жана көзөмөлдөө милдетин аткарат.
Долбоордун максаты — салык салуу процесстерин ачык, жөнөкөй жана ишкерлер үчүн ыңгайлуу кылуу.
Ушул максатта “Базар” маалыматтык системасы түзүлдү. Бул инновациялык санариптик платформа салык органдары жана банктар менен өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөтүп, салыктык башкарууну жакшыртат жана бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзөт.
Эскерте кетсек, буга чейин салык инспекторлору базарларды кыдырып, ишкерлерге карыздары тууралуу маалымат берип келишкен. Ошол учурда базарда башаламандык орун алганы аныкталган: кээ бир ишкерлер патент алышса, айрымдары алган эмес, кимдир бирөө бир ай төлөсө, кийинки ай унутуп койчу.
Азыр андай көйгөйлөр жок – бардык процесстер толугу менен санариптештирилди жана ар бир соода жайын онлайн режиминде көзөмөлдөөгө болот.
Базардын администрациясы ишкерлер менен санариптик платформа аркылуу байланышат.
“Базар” системасы төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү камтыйт:
онлайн банктык операцияларды жүргүзүү,
бардык соода түйүндөрүн, алардын мүлкүн жана ижарачыларын эсепке алуу,
арыздарды жана документтерди тапшыруу, иштетүү,
салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнү көзөмөлдөө,
карыздарды онлайн түрдө мониторинг кылуу,
ижара, салык, социалдык төлөмдөр жана башка көрсөткүчтөр боюнча маалыматтарды салыштыруу.
Системанын жардамы менен бардык ишкерлер жана соода объектилери санариптештирилип “Дислокация” системасына интеграцияланды. Эми бардык субъекттер, алардын салык төлөмдөрү, объекттердин ачылышы жана жабылышы реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөнөт.
Эгер ишкердин карызы бар болсо, анын контейнерлери кызыл түстө, ал эми төлөнгөн учурда жашыл түстө көрсөтүлөт.
Пилоттук долбоордун жыйынтыктары:
“Дордой” базарында 13 миң 697 салык төлөөчү иштейт,
объекттердин жалпы саны — 13 миң 890,
салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу жакшырды,
салыктык түшүүлөр үч эсеге көбөйдү.
Мурда базардан айына болжол менен 30 млн сом чогултулса, санариптештирүүдөн кийин — 100 млн сомго жетти.
2025-жылдын 10 айында жыйымдар 727 млн сомдон ашты, ал эми жыл жыйынтыгы боюнча 1 млрд сомдон ашык каражат түшүүсү күтүлүүдө.
2025-жылдын 15-августунда пилоттук долбоор ийгиликтүү аяктагандан кийин “Кара-Суу” жана “Мадина” базарларында да ишке киргизилди. Кийинки кадам — бул системаны Кыргызстандагы бардык базарларга жайылтуу.
Бул долбоор санариптештирүү ишкерлердин жумушун бир топ жеңилдетерин, ашыкча текшерүүлөрдөн арылтаарын, ал эми мамлекеттин казынасын бекемдей турганын далилдеди — ар бир жаран өз жүгүртүүсүнө жараша адилеттүү салык төлөйт.
Белгилей кетсек, пилоттук долбоордун жыйынтыгы боюнча Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилген, анда базарлардын жана соода борборлорунун администрацияларына алардын аймагында иш жүргүзгөн субъекттердин салык төлөөсүн көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктарды берүү каралган.
Мындай көзмөлдү ишке ашыруунун тартиби министрлер кабинетинин токтому менен бекитилет.