Димаш Кудайберген: Эл артисти наамын кыргыз элинин казак элине болгон сыйы катары кабыл алдым
Кыргыз Республикасынын Эл артисти ардак наамын кыргыз элинин казак элине болгон терең сый-урматы катары кабыл алдым. Бул тууралуу казакстандык ырчы Димаш Кудайберген Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан маалымат жыйында билдирди.
“Биринчиден, президент Садыр Жапаровго терең ыраазычылык билдирем. Кечээ берилген сыйлыкты кыргыз элинин казак элине көрсөткөн ызааты, сый-урматы катары кабыл алдым. Кыргыз элинин меймандостугуна жана өнөр ээлерине болгон мамилесине терең таазим этем”, — деди Димаш Кудайберген.
Муну менен катар ал “Мейкин Азия” фестивалын жогорку деңгээлде уюштурган тараптарга да ыраазычылык билдирип, эки элдин маданий алакасын чыңдоого мындан ары да салым кошо берерин белгиледи.
Эске салсак, күн мурун “Мейкин Азия” фестивалында президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен дүйнө жүзүнө таанымал казакстандык ырчы Динмухаммед (Димаш) Кудайбергенге Кыргыз Республикасынын Эл артисти ардак наамы ыйгарылган.
Сыйлык боордош Кыргызстан менен Казакстандын маданий кызматташтыгын жана достугун чыңдоого кошкон салымы үчүн берилген.