Димаш Кудайберген: Дүйнө жылдызы болуума “Мейкин Азия” фестивалынын орду чоң

Дүйнө жылдызы болуума “Мейкин Азия” фестивалынын орду чоң. Бул тууралуу казакстандык белгилүү ырчы Димаш Кудайберген бүгүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн маалымат жыйында билдирди.
Айтымында анын чоң сахнага болгон алгачкы кадамы дал ушул фестивалдан башталган.
“Бир катар эл аралык фестивалдарга катыштым. Бирок, алардын ичинен “Мейкин Азия” өзгөчө мааниге ээ. Азыркы Димаш Кудайбергендин өзүнө болгон ишенимин арттыруусунда ушул фестивалдын ролу абдан чоң. 18 жашымда ушул сахнага чыгып, колдоо тапканыма ыраазымын. Ошол кезде мага ишенип, колдогон кыргыз элине, уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдирем”, — деди ал.