Депутаттар Ысык-Көл облусундагы энергетика жана өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитет Ысык-Көл облусундагы энергетика жана өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты

 

Иш-чарага энергетика министри Таалайбек Ибраев, экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл облусундагы өкүлү да катышты.

 

Алгач эл өкүлдөрү Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ысык-Көл райондук электр тармактарынын абалын көрүп чыгышты. Энергетика министрлигинин “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын маалыматына ылайык, азыркы учурда «Чыгышэлектро» ААКын реабилитациялоо долбоорунун алкагында Чолпон-Ата электр тармактар ишканасында заманбап электр энергияны коммерциялык учеттоонун автоматизацияланган системасын орнотууну андан ары аяктоо жана турак жай секторунун абоненттерин камтуу пландалууда.

 

Бул долбоор боюнча комитет белгилүү бир иштер жүргүзүлгөндүгүн, бирок жоготууларды азайтуу жана дебитордук карыздарды азайтуу динамикасында көрүнөрлүк жылыштар жок экендиги тууралуу жагдай коркунуч туудуруп жаткандыгын белгиледи.

 

Андан соң депутаттар Тору-Айгыр айылына барышып, «Бишкек Солар» ЖЧКсынын иши менен таанышты. «Бишкек Солар» ЖЧКсы берген маалымат боюнча, бул энергиянын кайра жаралуу булактары субъектиси статусуна ээ болгон компания өз ишин 2016-жылдан бери жүргүзүүдө. Кыргыз Республикасында биринчилердин жана Борбордук Азиядагы ирилердин бири болгон, Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылына жакын жайгаштыруу пландалып жаткан 300МВт кубаттуулуктагы күн электр энергиясын куруунун демилгечиси болуп саналат. Долбоорду ишке ашыруу максатында жаратылыш ресурстары министрлиги менен мамлекеттик-менчик өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу түзүлгөн, инвестициянын жалпы суммасы болжол менен 300 млн долларды түзөт.

 

Комитет мүчөлөрү электр станцияны куруу процессин тездетүү жана бардык иш-чараларды келишимде белгиленген мөөнөттө аткаруу керектигин айтышты.

 

Мындан тышкары, иш сапардын алкагында депутаттар Балыкчы шаарындагы мунай базасына барып, мунайдын жылжып аккан көйгөйү тууралуу кабар алышты. Экологдор белгилегендей, бул маселе бир нече жыл мурда эле пайда болгон. Ысык-Көл тарапка жер астынан мунай заттары жылжып агып, көлгө жетип калышы мүмкүн экендигин тынчсыздануу менен маалымдашты. Жергиликтүү тургундар тарабынан бир нече жылдардан бери мунай базасын шаардын аймагынан сыртка көчүрүү маселеси көтөрүлүп келгендигин эске алып, депутаттар аталган маселе боюнча Министрлер кабинетине мекемелер аралык комиссия түзүүнү сунуштоо тууралуу чечим кабыл алышты.

 

Иш сапардын соңунда депутаттар Балыкчы шаарынын мэриясынын жыйындар залында тиешелүү жетекчилердин катышуусунда шаар тургундары менен жолугушту. Жыйындын жүрүшүндө маанилүү социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлүп, депутаттар аларды өз ыйгарым укуктарынын чегинде чечүүгө бардык күч-аракетин жумшай тургандыктарын убадалашты.

 

Муну менен катар көчмө жыйында “Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө” макулдашуунун долбоору каралып, колдоо тапты. Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн Дүйнөлүк банк 6,9 млн АКШ доллары өлчөмүндө кошумча каржылоо бөлүп берет.

Связанный пост