Депутаттар мас айдоочуларга жазаны күчөтүүнү I окууда колдоду

 Депутаттар мас айдоочуларга жазаны күчөтүүнү I окууда колдоду

Жогорку Кеңештин жыйынында “Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоору КР президентинин “Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Баяндамачы, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун айтымында, мас абалында жасалган, бир же бир нече адам өлүмү болгон оор кесепеттерге алып келген эреже бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, жабырлануучу менен жарашуу жолу аркылуу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу сунушталууда. Ошондой эле жазалардын даражасын кайрадан карап чыгуу, эркиндигинен ажыратуунун узак мөөнөттөрүн белгилөө жана пробацияны колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу сыяктуу өзгөртүүлөр сунушталды.

“Мындан тышкары, мопеддерди механикалык транспорт каражаттарына теңеп, аларды башкаруу үчүн “А1″ категориясындагы айдоочулук күбөлүктү милдеттендирүү каралууда”, – деди Октябрь Урмамбетов.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Связанный пост