Денис Петрашов Түркиядагы мелдеште коло байге алды
![Денис Петрашов Түркиядагы мелдеште коло байге алды](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/08/whatsapp_image_2022-08-16_at_09_13_00.730x0.jpeg)
Кыргызстандык сүзүүчү Денис Петрашов Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында дагы бир коло байгенин ээси болду.
Ал 15-августта 200 метр аралыкка брасс ыкмасында сүзгөн. Буга чейин спортчу 50 метр аралыкка сүзүп, үчүнчү орунду камсыздаган.
Белгилей кетсек, бүгүн Петрашов 100 метр аралыкка да жарышка чыгат.