Денис Петрашов АКШнын Atlantic Coast Conference студенттик лигасында алтын медаль утту

Суучул Денис Петрашов АКШнын Atlantic Coast Conference студенттик лигасында алтын медаль утту. Бул тууралуу аталган лиганын сайтындагы маалыматта айтылат.
Түндүк Каролина штатынын Гринсборо шаарында 18-22-февралда сууда сүзүү боюнча мелдеш өткөн.
Анда Денис Петрашов брасс ыкмасы менен 100 метрге сүзүүдө 50,62 секундада келип, алтын медалга ээ болду.