Денеге оор залал келтирүү фактысы боюнча УКТ мүчөсү кармалды

Билим берүү борборунун биринин кароолчусунун денесине оор залал келтирүү фактысы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында бир топ адамдар тарабынан кол салуу жана ур-токмокко алуу фактысы боюнча бокс боюнча машыктыруучу Б.Б.Ш. аттуу жаранды кармады. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинде каттоодо турат.

Шектүү үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда Балыкчы шаарындагы “Грин Сити” борбордук билим берүү мекемесинин аймагында бокс боюнча эл аралык турнирдин жүрүшүндө жашы жете элек окуучулары: Д.Д., К.У.Т., А.Т.А., С.А.Т., Т.И.А. менен бирге борбордук билим берүү мекемесинин күзөтчүсүнө кол салып, аны сабап, денесине оор залал келтирген.

Такталгандай, жабырлануучу буга чейин райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылганын, бирок милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамдуу жооп болбогондугун билдирген.

Азыркы учурда УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, Б.Б.Ш., Д.Д., К.У.Т., А.Т.А., С.А.Т. жана Т.И.А. кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Связанный пост