Дем алыш күндөрү ЖКККББнын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат

 Дем алыш күндөрү ЖКККББнын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат

Дем алыш күндөрү Бишкек-Чолпон-Ата багыты боюнча авто унаалардын агымы көп болгондуктан, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында ЖКККББнын борбордук аппаратынан тартып, Ысык-Көл жана Чүй облусунун кызматкерлери күчөтүлөн тартипте кызмат өтөшөт.
Айрыкча, Ысык-көлгө жүргүнчүлөрдү  ташыган  маршруттук жана жеке унаалар текшерилип, айдоочулардын мас абалында унаа башкаруусуна, ылдамдыкты ашырып айдоосуна жана каршы тилкеге чыгуу менен одоно жол эрежелеринин бузууларына жол бербөө максатында кошумча посттор коюлат.
Ал эми,  кечкисин Ысык-Көл облусунан  Бишкек шаарына кайтып келе жаткан унаалардын жол тыгындарына кабылып калбашы үчүн, кызматкерлер көчөлөрдүн кесилиштеринде жол тыгындарын жөнгө салышат.

Связанный пост