Данияр Амангельдиев КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Амангельдиев Данияр Джолдошевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.