Данияр Амангелдиев “Евразия экономикалык биримдикке 10 жыл” медалдарын тапшырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Евразия экономикалык биримдигинин 10 жылдыгына арналган медалдарды тапшыруу аземине катышты.

“Бул жогорку сыйлык сиздердин сиңирген эмгегиңиздерди, кесипкөйлүгүңүздөрдү жана Евразия экономикалык биримдигин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу жеке салымыңыздарды баалоо болуп саналат”, – деп белгиледи Данияр Амангелдиев.

Ал ошондой эле медалды тапшыруу чечимине ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Президенттери былтыр декабрда Санкт-Петербург шаарында кол коюшканын белгиледи.

“Акыркы он жылдыкта Биримдик евразиялык мейкиндикте маанилүү интеграциялык бирикмеге айланып, калыптануу жана өнүгүү жагынан узак жолду басып өттү. ЕАЭБге мүчө мамлекеттер макроэкономикалык туруктуулукту сактап, аймактагы азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыздай алышты, өндүрүштүн туруктуу өсүшүн колдой алышты жана сатуунун жаңы рынокторуна чыга алышты”, – деди ал.

Ал белгилегендей, 2015-2024-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасы менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 2 эсеге – 2015-жылдагы 2448,3 млн доллар 2024-жылы 4992,4 млн долларга чейин өскөн.

“Мындай көрсөткүчтөр Биримдиктин өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыктын туруктуу жана прогрессивдүү өнүгүп жатканын жана интеграциялык байланыштардын тереңдеп баратканын айгинелейт. Келечекте Евразия экономикалык биримдик мындан ары да динамикалуу өнүгүп, өлкөлөрүбүздүн экономикалык потенциалын бекемдеп, жарандардын бакубаттуулугун жогорулатат деп ишенем”, – деп жыйынтыктады Данияр Амангелдиев.

Иш-чара евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө салым кошкон мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, ошондой эле ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнө “Евразия экономикалык биримдигине 10 жыл” медалдарын тапшыруу аземи менен аяктады.

Связанный пост