Данияр Амангелдиев өлкөдөгү туризмди өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев өлкөдөгү туризмди өнүктүрүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Иш-чарага тармактык министрликтердин жетекчилери, ошондой эле туризм тармагынын өкүлдөрү катышты.
Негизги көңүл туристтер үчүн инфраструктураны жакшыртуу, туристтик секторго инвестициялар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана жаңы туристтик маршруттарды өнүктүрүү маселелерине бурулду.
Данияр Амангелдиев белгилегендей, туризм экономикалык өсүштүн жана жаңы жумуш орундарын түзүүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат. Ал акыркы жылдары министрлер кабинети туристтик инфраструктураны жакшыртуу боюнча жигердүү иштеп жатканын баса белгиледи.
“2025-жылы республика боюнча 40 туристтик базаны ишке киргизүү пландаштырылууда. Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары тарабынан локациялар сунушталган, сунушталган жерлердин жалпы саны 156, облустар боюнча: Баткен облусу – 7, Жалал – Абад облусу-29, Ысык – Көл облусу-40, Нарын облусу – 34, Ош облусу – 23, Талас облусу – 10, Чүй облусу – 13. Бул контекстте берилген жерлерге объекттерди куруунун керектөөлөрүнө жана аларды коммерциялык пайдалануунун келечегине талдоо жүргүзүү, жергиликтүү коомчулук жана жергиликтүү инвесторлор менен зарыл консультацияларды өткөрүү зарыл. Биз тейлөөнү жакшыртууга, уникалдуу маршруттарды өнүктүрүүгө жана саякаттын бардык этаптарында коопсуздукту камсыздоого тийишпиз”, – деди ал, тийиштүү тапшырмаларды берип.
Кеңешменин жүрүшүндө “туристтик базалар” долбоорун ишке ашыруунун жол картасын иштеп чыгуу маселелери талкууланды, ага ылайык өлкөнүн ар бир районунда бирден туристтик объектти ишке киргизүү сунушталууда, долбоорлорду ишке ашыруу механизми, бул дестинациялар үчүн конкреттүү стандарттарды иштеп чыгуу жана аларды каржылоо механизми маселелери каралды.