Дайырбек Орунбеков: Жакында Бишкекте 612 ипотекалык батир берилет

 Дайырбек Орунбеков: Жакында Бишкекте 612 ипотекалык батир берилет

Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов көчөсү 102/1, 102/2 дарегинде 6 блоктон турган 612 ипотекалык батирдин курулушу аяктап калды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, мамлекет эгемендик алгандан кийин турак жай маселеси эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири болуп келген. Үй-жайлуу болууну көздөгөн жүз миңдеген жарандар жумуш издеп Россия, Казакстан жана башка өлкөлөргө миграцияга кетүүгө мажбур болушту. Көпчүлүк үчүн там сатып алуу же куруу өмүрүнүн негизги бөлүгүн талап кылган узак жана оор процесс эле.

“2022-жылы президент Садыр Жапаров элди турак жай менен камсыз кылуу максатында Мамлекеттик ипотекалык компанияны реформалады. Буга чейин компания негизинен ортомчулук кызматын аткарып, батирлерди сатып берүү менен гана алектенсе, реформадан кийин ал өз алдынча көп кабаттуу турак үйлөрдү кура баштады. Бул өзгөрүү өлкөдөгү турак жай көйгөйүн чечүүдө маанилүү кадам болду.

Учурда өлкө боюнча Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан 737 көп кабаттуу үйдүн курулушу кызуу жүрүп жатат. Бул үйлөр жалпысынан 61 827 батирди камтыйт.

Буга чейин турак жайга муктаж жарандарга жалпы 1 059 батир берилген. Бүгүн, президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев менен бирге Чыңгыз Айтматов көчөсү 102/1, 102/2 дарегинде 6 блоктон турган 612 батирдин курулушун көрүп келдик, аяктап калыптыр, жакында батир ээлерине тапшырыларын айтты”, – деп жазды ал.

Ошондой эле Орунбеков Ынтымак конушунда 51 блокту камтыган 8100 батирдин курулушун дагы көрүшкөнүн кошумчалады. “Курулуш иштери этап-этабы менен бүткөрүлөт. Биринчи этапта 18 кабаттуу 7 блок курулуп, 918 батир пайдаланууга берилет. Бул иштер өлкөнүн турак жайга болгон муктаждыгын канааттандырууга жана калк үчүн ыңгайлуу, заманбап жашоо шарттарын түзүүгө чоң салым кошот”, – деди ал.

Связанный пост