Дагы 5 жогорку окуу жайына өзгөчө статус берилет

 Дагы 5 жогорку окуу жайына өзгөчө статус берилет

Президенттин 2022-жылдын 18-июлундагы № 243 “Жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын финансылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарын консолидациялоо, потенциалын жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн дүйнөлүк рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 243 “Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

 

– 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

“– Баткен мамлекеттик университети;

– К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети;

– Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети;

– Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети;

– Талас мамлекеттик университети.”.

Связанный пост