Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга даярдык көрүү боюнча жыйын өттү

 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга даярдык көрүү боюнча жыйын өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Казакстан Республикасынын Астана шаарында 2024-жылдын 8-сентябрынан 14-сентябрына чейин өтө турган V Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстандын улуттук курама командасынын даярдыгы боюнча кеңешме өткөрдү.

 

Жыйындын жүрүшүндө спортчулардын тийиштүү даярдыгын камсыз кылуу жана башка уюштуруу маселелерин чечүү, анын ичинде оюндарды эфир аркылуу чагылдыруу, сейрек кездешүүчү жаныбарларды жана канаттууларды салттуу Салбурун фестивалына катышуу үчүн алып барууга уруксат берүү маселелери талкууланды.

 

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө 2026-жылы Өзбекстан Республикасында өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ар тараптуу колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды.

 

Жыйындын соңунда тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго бир катар тапшырмалар берилди.

Связанный пост