Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бир катар эл аралык уюмдар менен өнөктөштүктө өткөрүлөт

 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бир катар эл аралык уюмдар менен өнөктөштүктө өткөрүлөт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бир катар эл аралык уюмдар менен өнөктөштүктө өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

ДКОнун Эл аралык секретариаты төмөнкүдөй бир катар эл аралык уюмдар менен оюндарга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча өнөктөштүк келишимине кол койду:

  • Бангладеш Этноспорт Эл аралык ассоциациясы, документке ассоциациянын президенти Аль Мамун кол койду;
  • Азербайжандын Улуттук спорт түрлөрү ассоциациясы, документке президент Казым Ханлар оглы Гурбанов кол койду;
  • Беларусиянын Салттуу күрөш түрлөрү коомдук бирикмеси, документке жооптуу катчы Шараев Александр Иванович кол койду;
  • Индиянын Салттуу күрөш жана панкратион федерациясы, документке президент Омармухтар Чандпаша Тамболи кол койду;
  • Индонезиянын Бел боо спорт түрлөрү федерациясы, документке төрага Яхья Маджид кол койду;
  • Италиянын Кураш жана салттуу күрөш түрлөрү федерациясы, документке президент Витторио Гиорги кол койду;
  • Мадагаскардын Бириккен күрөш федерациясы, документке президент Равелосон Нестор Мамитиана кол койду;
  • Филиппиндин Салттуу спорт жана оюндар федерациясы, документке президент Ронилдо А. Палмера кол койду;
  • Польшанын Салттуу күрөш федерациясы, документке жетекчи Андрзеж Гржегоржек кол койду;
  • АКШнын Салттуу спорт жана оюндар ассоциациясы, документке президент Аарон Скотт Вендел кол койду.

Связанный пост