Дүйнөлүк банк: Кыргызстан туруктуу өсүштү көрсөтүүдө

Кыргыз Республикасында бакубаттуулук деңгээлинин жана өлкө жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформаларга болгон ишенимдин олуттуу өсүшү байкалууда. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын 2021-жылдын декабрынан 2025-жылдын июнуна чейин жүргүзүлүп жаткан «Кыргыз Республикасын тыңдайбыз» аттуу сурамжылоосунун жаңы маалыматтары күбөлөндүрөт.
«Туруктуу көпчүлүк реформалар туура багытта жүрүп жатат жана өкмөт коррупция менен натыйжалуу күрөшүп жатат деп эсептейт», – деп белгиленген изилдөөдө.
Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча:
Өлкө жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалардын багытына болгон ишеним:
Өлкө саясий, социалдык жана экономикалык реформалардын туура жолунда деп эсептеген жарандардын үлүшү 2022-жылдын башында 70%ке жакын болсо, 2025-жылдын июнь айында 90%ке чейин өстү. Бул туруктуу көпчүлүк — байкоо жүргүзүлгөн бүткүл мезгил ичиндеги ишенимдин эң жогорку көрсөткүчтөрүнүн бири.
Финансылык туруктуулук: өздөрүн финансылык жактан ишенимдүү сезген үй чарбаларынын үлүшү 80%ке жетти — бул байкоо жүргүзүлгөн бүткүл мезгил ичиндеги эң жогорку көрсөткүч. Бул 2021-жылдын декабрь айындагы 33%ке салыштырмалуу дээрлик 2,5 эсе көп. Учурдагы экономикалык абалга болгон ишеним 2022-жылдын январь айында респонденттердин 72%ы жергиликтүү экономикалык абалды жакшы деп эсептешкен.
2025-жылдын июнь айына карата бул үлүш 91%ке чейин өстү — дээрлик 20%ке өсүү экономиканын жана жергиликтүү рыноктордун туруктуулугуна болгон ишенимдин бекемделишин чагылдырат.
Коррупцияга каршы күрөшкө болгон ишеним 2022-жылдын башында жарандардын 70%ке жетпегени өкмөт коррупция менен натыйжалуу күрөшүп жатат деп эсептешкен. 2025-жылдын ортосуна карата ишеним айыл жерлеринде 93%ке, ал эми шаарларда 89%ке чейин өстү.
Азык-түлүк коопсуздугу чыңдалды: байкоо жүргүзүүнүн башында 41% болсо, 2025-жылдын ортосунда 86%га жетти. Үй-бүлөлөрдүн 86% өздөрүн ишенимдүү сезип, карызга же мүлктү сатууга азыраак муктаж болуп калганын билдиришкен. Карыз алгандардын үлүшү 32%дан 7%га чейин, ал эми мүлктү сатуу 16%дан 2%га чейин кыскарды.
Азык-түлүк коопсуздугунун жакшырышы бир катар факторлордон көрүнүп турат: Ачкачылыктын жана тамак-аштын жетишсиздигинин кескин кыскарышы:
– Ачка болгондор – 12%дан 2%га чейин кыскарды.
– Бир күн бою тамаксыз калгандар – 2022-жылдын январында 8% болсо, 2025-жылдын июнунда 2%га чейин төмөндөдү.
– Үйдө тамак-аштын түгөнүп калышы – 41%дан 5%га чейин азайды.
– Тамакты өткөрүп жибергендер – үч эсеге азайды: 14%дан 6%га чейин.
– Тамак-ашка байланыштуу тынчсыздануунун жалпы көрсөткүчү 33%дан 10%га чейин төмөндөдү. Жашоого канааттануу деңгээли 54%дан 80%га чейин өстү. Өтө нааразы болгондордун саны кескин азайды.
Коомдук пикир дагы өзгөрүүлөргө болгон ишенимдин өсүшүн көрсөтүүдө: сурамжылоого катышкандардын 91%ы жергиликтүү экономикалык абалды оң баалашат, ал эми 76% азыр жумуш издөөгө же өз ишин баштоого ыңгайлуу убакыт деп эсептешет. Социалдык саясат жана ачык диалог жогору бааланууда.
Респонденттердин көпчүлүгү мамлекеттин аракеттерин оң баалашат: • 87%ы калктын аялуу катмарын колдоо жакшырды деп эсептешет. 2022-жылдын январында бул көрсөткүч 60%дан ашык болгон. • Айыл жергесиндеги респонденттердин 83%ы (шаарда 76%) бийликтин ачыктыгын жана диалогго даярдыгын белгилешет. Өздөрүн жакыр сезгендердин үлүшү 24%дан 14%га чейин кыскарды. Өзүн орто класстын өкүлү катары эсептегендердин үлүшү өсүүдө.