Дүйнөлүк банк “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулуш долбоорун каржылоого даяр экенин тастыктады
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Наджи Бенхассин баштаган өкүлдөрү менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар энергетика тармагындагы биргелешкен долбоорлордун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.
Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча стратегиялык объект болуп саналган “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулуш долбооруна өзгөчө көңүл бурулду. Дүйнөлүк банк долбоорду андан ары каржылоого даяр экендигин тастыктады. Аны ишке ашырууда экологиялык жана социалдык аспектилерге, ошондой эле туруктуу өнүгүүнүн эл аралык стандарттарын сактоого артыкчылыктуу көңүл бурулат.
Мындан тышкары, Борбор Азиянын аймактык интеграциясы жана электр энергиясынын соодасы (REMIT) долбоору талкууланды.
Долбоор Жалал-Абад облусунун электр тармактарын чыңдоо, аймактык электр соодасын кеңейтүү, Борбор Азиядагы энергетикалык инфраструктуранын кубаттуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар энергетика тармагынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, аймактык энергетикалык кызматташтыкты бекемдөө үчүн мындан аркы ачык жана конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин ырасташты.