Дүйнөдөгү 34 мамлекеттин 89 шаарында шайлоо участогу ачылат
Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев КМШнын байкоочулар миссиясынын жетекчиси, КМШнын аткаруу комитетинин биринчи катчысынын орун басары Игорь Петришенко менен жолукту.
ТИМден билдиришкендей, тараптар Кыргызстандын Жогорку Кеңешине мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүүчү шайлоолорду байкоону уюштуруу маселелерин, ошондой эле КМШ алкагындагы кызматташтыктын мындан аркы өнүгүү перспективасын талкуулашты.
Асеин Исаев шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, Кыргызстан эл аралык уюмдардан, анын ичинде КМШ миссиясынан байкоочуларды чакырганын, алардын пикири жана баалоосу абдан маанилүү экенин белгиледи.
Ошондой эле ал чет өлкөлөрдө жашаган же убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Жалпысынан чет өлкөлөрдө 34 мамлекеттин 89 шаарында 100 шайлоо участогу ачылары күтүлүүдө. Алардын ичинде Россия, Казакстан, Түркия, АКШ жана башка мамлекеттер бар.
Өз кезегинде КМШнын аткаруу комитетинин биринчи катчысынын орун басары Игорь Петришенко Кыргызстанда шайлоо процессин уюштурууда жаңы технологияларды жана санариптик чечимдерди колдонуу аркылуу шайлоочулардын каттоосунун жана добуштарды саноонун ачыктыгын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу жаатында жетишилген ийгиликтерге ыраазычылык билдирди.
КМШга мүчө мамлекеттердеги демократиялык шайлоолордун стандарттары, шайлоо укуктары жана эркиндиктери тууралуу Конвенциянын негизинде, Игорь Петришенко КМШ миссиясынын курамына 150 байкоочу кирерин, алар Кыргызстанда гана эмес, башка мамлекеттердеги шайлоо участокторунда да иш алып барарын маалымдады.
Жолугушуунун соңунда тараптар Шериктештик алкагындагы кызматташтык өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүгө, элдер ортосундагы достук байланыштарды кеңейтүүгө, ошондой эле региондогу ынтымакты, биримдикти жана коңшулук мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилешти.