Дүрбөлөңгө түшпөгүлө! Өзгөчө кырдаалдар министри жарандарга кайрылды
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев катуу жер титирөөдөн улам жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 24-январь, саат 00:09да Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Каракол, Нарын облусунун Нарын шаарларында, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Каджы-Сай айылында 4 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жер-жерлеринде маалымат топтоп, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө
ӨКМ социалдык тармактарда жер титирөөнүн кайра катталышы мүмкүн экендиги тууралуу тарап жаткан фейк маалыматка ишенбөөгө жана дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат.