ЦУМда iPhone`дорду жасалмалап саткандар аныкталды

Бишкекте iPhone телефондорунун эс тутумун жасалмалап саткандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтан маалымдашкандай, бул факт боюнча кылмыш иши козголду.

“Айчүрөк” соода борборунда жүргүзүлгөн текшерүүдө “Мостовой” соода түйүндөрүнүн кызматкерлери телефон оңдоочу адистердин жардамы менен сыйымдуулугу 256ГБ болгон жаңы телефондордун тиешелүү микросхемаларын которуп, мобилдик аппараттардын сыйымдуулугун жасалма ыкмалар аркылуу 1ТБга көбөйтүшкөнү аныкталды.

Андан соң телефондорду жаңы жана ачыла электей кылып көрсөтүш үчүн шаардык басмаканаларда жасалган фабрикалык чаптамалар менен орошкон.

Жасалма айфондор “Мостовой” дүкөндөр тармагында, “Айчүрөк” жана “ГУМ” соода борборлорундагы башка дүкөндөрдө жогорулатылган баада сатылып келген.

УКМК “Мостовой” соода түйүндөрүнөн iPhone уюлдук телефондорун сатып алган жарандарды iUnlocker сайты аркылуу жарыяланган заводдук мүнөздөмөсүнө шайкештигин текшерүүнү өтүнөт.

Эгерде дал келбестиктер аныкталса же өз алдынча текшерүү мүмкүн болбосо, 0 995 300 871 телефон номерине кайрылуу керек.

Связанный пост