Цахкадзор шаарында МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезексиз жыйыны болду

2023-жылдын 24-августунда Армения Республикасынын Цахкадзор шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун катышуусунда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезексиз жыйыны болуп өттү.

 

Отурумга Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын өкмөт башчылары дагы катышты.

 

Жыйындын жүрүшүндө Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөлөрү Биримдиктин 2030-2045-жылдарга чейинки мезгилдеги стратегиялык өнүгүүсү, анын ичинде интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн негизги милдеттери жана маанилүү багыттары жөнүндө Декларациянын долбоору боюнча пикир алмашты.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров интеграциялык байланыштарды мындан ары тереңдетүүнүн, товарлардын, капиталдын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана эмгек ресурстарынын эркин кыймылы үчүн бардык тоскоолдуктарды жоюунун жана ЕЭКке зарыл ыйгарым укуктарды берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

 

Кезексиз жыйындын жыйынтыгы боюнча өкмөт башчылар Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине Санкт-Петербург декларациясынын долбоорун Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алдыдагы отурумунда акыркы вариантын кароо максатында иштеп чыгууну тапшырышты, ал жыйын 2023-жылдын 26-27-октябрында Бишкек шаарында өтөт.

Связанный пост