Чолпон-Атада Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 5-отуруму өттү
Бүгүн биз эки тараптуу мамилелерибизди мамлекеттерибиздин башчылары тарабынан өткөн жылы – Бакуга жана Бишкекке болгон жогорку деңгээлдеги өз ара мамлекеттик сапарлардын жүрүшүндө түптөлгөн сапаттуу жаңы негизде ишенимдүү курууну улантуудабыз. Биздин көп пландуу кызматташтыкты кеңейтүүгө болгон өз ара бекем көз карашыбыз түрк элдеринин тарыхый, маданий, руханий жана тилдик жалпылыгына, ошондой эле боордош элдер менен өз ара алаканы кеңейтүүгө болгон биргелешкен каалообузга байланыштуу. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 5-отурумунда билдирди.
МинКаб Төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасы соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөгө басым жасоо менен өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрүндө кыргыз-азербайжан стратегиялык өнөктөштүгүн жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин да белгиледи.
“Биздин сүйлөшүүлөр жаңы сапаттык деңгээлге өтүүдө жана бүгүнкү күндө биз макулдашууларыбыздын практикалык ишке ашырылышын байкап жатабыз. Бүгүнкү отурумдун алкагында Кыргызстан менен Азербайжандын ишкер коомчулугунун катышуусунда бизнес-форум өтө тургандыгы кубандырат”, – деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.
Ал ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын потенциалын белгилеп, Азербайжан-Кыргыз Өнүктүрүү фонду “карым-катнаш чекиттерин табуунун башкы драйверлеринин бири болуп, чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө, ошондой эле байланыштарды диверсификациялоого жана жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүгө өбөлгө болот”, деп белгиледи.
“Өнүктүрүү фонду ошондой эле биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн көрсөткүчтөрүн жогорулатууга өз салымын кошот”, – деп баса белгиледи МинКаб Төрагасынын орун басары.
Өз кезегинде Азербайжан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы Али Ахмедов белгилегендей, быйылкы жыл эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын утурлай өтүп жатат.
“Бул убакыттын ичинде биздин өлкөлөр конструктивдүү диалог түзүп, мамлекеттер аралык мамилелердин дээрлик бардык сегменттерин камтыган 85ке жакын документтен турган кеңири келишимдик-укуктук базаны түзө алышты”, – деп, ал Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун өткөн жылдын апрель айында Азербайжанга жасаган расмий сапарынын жогорку натыйжаларын белгиледи.
Мындан тышкары, Али Ахмедов өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 19% өсүп, 10,8 млн. АКШ долларын түзүп, пандемияга чейинки деңгээлден ашканын баса белгиледи.
“Үстүбүздөгү жылдагы товар жүгүртүүнүн өсүү динамикасы – биз мындан да жогорку көрсөткүчтөргө жете алабыз, деп айтууга мүмкүндүк берет. Биринчи жарым жылдыкта өз ара соода 4 эседен ашык өсүп, 17 млн. АКШ долларынан ашты”,- деп белгиледи Азербайжандын Премьер-министринин орун басары жана Азербайжан тарап жемиштүү диалог жана достук, бир туугандык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда эки тараптуу байланыштардын бардык күн тартиби боюнча биргелешкен милдеттерди чечүү үчүн толугу менен ачык экенин кошумчалады.
Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 5-отурумунун жыйынтыгы боюнча өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрүндө кыргыз-азербайжан стратегиялык өнөктөштүгүнүн тереңдешин чагылдырган жыйынтыктоочу протоколго кол коюлду.