Чолпон -Атада дүйнөлүк “Рух Санат” салттуу маданият жана музыка фестивалы башталды

Бүгүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий-этнографиялык комплексинде дүйнөлүк “Рух Санат” салттуу маданият жана музыка фестивалы башталды.

Фестивалга маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Апас Жумагулов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Эл аралык салттуу музыка жана бий кеңешинин президенти, Малайзиянын Илим университетинин профессору Тан Суи Бенг, Улуттук илимдер академиясынын Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борборунун жетекчиси, профессор Роза Аманова катышууда.

Алгач салтанаттуу иш-чаранын символикалык боосу кесилип, андан соң келген конокторго “Рух Ордо” маданий-этнографиялык комплекси, кыргыз элинин каада-салты жана маданияты тааныштырылды.

Иш-чаранын расмий бөлүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ачып, фестивалдын маңызын жана өлкө үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

“Бүгүн Кыргызстандын бермети Ысык-Көлдүн жээгинде дүйнөлүк маданиятты жана руханий мурастарды чагылдырган өзгөчө маанилүү окуя өтүүдө. Бул руханий мурастарды сактоо жана жайылтуу, маданий көп түрдүүлүктү даңазалоо жана өнүктүрүү максатын көздөгөн дүйнөлүк “Рух Санат” салттуу маданият жана музыка фестивалы. Кыргыз эли үчүн салттуу мурас бул жөн гана өткөндү эскерүү эмес, бул бүгүнкү күндүн руханий байлыгы, эртеңки келечектин пайдубалы. Бул фестиваль дүйнөнүн булуң-бурчунан келген 130дан ашуун искусство жана маданият ишмерлерин, салттуу музыканы изилдөөчү окумуштууларды бир аянтта чогултуп, эл аралык маданий диалогго шарт түзөт”, – деди ал.

Белгилей кетсек, фестивалдын расмий ачылышы бүгүн кечинде өтөт.

Үч күнгө созулган фестивалга дүйнөнүн 37 өлкөсүнөн 130дан ашуун салттуу музыкалык искусство ишмерлери, музыканттар, изилдөөчүлөр, эксперттер, продюсерлер катышат. Алар өз элдеринин кылымдарды карыткан, кайталангыс музыкалык жана маданий каада-салттарын, руханий мурастарын дүйнө коомчулугуна тартуулашат.

Иш-чара президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылууда.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост