Чолпон-Ата шаарынын пляждарындагы тосмолордун 90% алынды

Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө жарлыктын негизинде Чолпон-Ата шаарындагы пляждардагы тосмолор алынууда.

Эскерте кетсек Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 13-майындагы № 150 “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жарлыкка кол койгон.

Киргизилген өзгөртүүлөрдө Ысык-Көлдүн пляж аймактарына жарандардын эркин кирүүсүнө тоскоол болгон пляж аймактарында жайгашкан тосмолорду (дубалдарды, торчолорду, темир торлорду) демонтаждоо каралган, ошондой эле аларды мындан ары курууга тыюу салынат.

Связанный пост