Чоң-Алайда жашаган 172 памирлик кыргыз мамлекеттин камкордугунда

 Чоң-Алайда жашаган 172 памирлик кыргыз мамлекеттин камкордугунда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов Чоң-Алай районунда жашаган памирлик кыргыздардан кабар алды.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө үй-бүлөлөрдүн социалдык-тиричилик шарттары, социалдык колдоо көрсөтүү жана мамлекеттик кызматтарды алуу маселелери талкууланды. Бүгүнкү күндө Чоң-Алайда памирлик кыргыздардын 172 өкүлү жашайт.

Бардык үй-бүлөлөр Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык каралган социалдык төлөмдөрдү жана жөлөкпулдарды алып жатканы белгиленди. Министрлик тарабынан социалдык коргоону камсыз кылуу, мамлекеттик кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана үй-бүлөлөрдү социалдык колдоо маселелери боюнча туруктуу негизде иштер жүргүзүлүүдө.

Связанный пост