Чет мамлекеттердин өкмөт башчылары Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевди жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттукташты

 Чет мамлекеттердин өкмөт башчылары Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевди жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттукташты

Орозо айт майрамына карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин дарегине чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынан куттуктоолор келип түштү.

Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Асадов Министрлер Аабинетинин Төрагасын жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Бүткүл дүйнө мусулмандары өзгөчө урматтаган бул майрам коомдо руханий жана адеп-ахлактык тазалык, бири-бирин сыйлоо, кайрымдуулук жана адилеттүүлүк идеалдарын орнотууга кызмат кылат. Бул жаркын майрамдын берекеси мындан ары да Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы достуктун, бир туугандыктын жана өз ара түшүнүшүүнүн байланыштарын чыңдоо үчүн ишенимдүү пайдубал болуп кызмат кылып, өлкөлөрүбүздүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн ар тараптуу өнөктөштүктү кеңейтүүгө салым кошот деп ишенем. Бул майрамдарда сиздерге чын дилимден бекем ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакыт, токчулук, тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”, — деп айтылат куттуктоодо.

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов Адылбек Касымалиевди жана Кыргызстан элин майрамы менен куттуктады.

“Бүткүл адамзатты жакшылыкка жана кайрымдуулукка, тынчтыкка жана ынтымакка, өз ара түшүнүшүүгө чакырган бул улуу майрам боордош элдерибизге ого бетер бакубатчылык, биримдик жана ынтымак алып келсин. Сизге жана сиздин жакындарыңызга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм!”, — деп айтылат жолдомодо.

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Биргелешкен күч-аракеттер менен биз дос элдерибиздин кызыкчылыгында жетишилген жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашырууну, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы көп кылымдык достукту, жакшы коңшулаштыкты жана ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү ырааттуу түрдө камсыздайбыз деп ишенем. Жараткандын ырайымы жана кечиримдүүлүгү менен жарыктанган ушул куттуу күндөрдө Сизге жана сиздин жакындарыңызга бекем ден соолук, бакубатчылык жана жаңы жеңишкендиктерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”, — деп айтылат телеграммада.

Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз Министрлер Кабинетинин Төрагасын жана Кыргызстандын элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Ушул ыйык майрам ислам дүйнөсү жана бүткүл адамзат үчүн тынчтыктын, бакубаттуулуктун жана жакшылыктын символу болуп калсын, сиздерге бекем ден соолук жана бакыт каалайм”, – деп билдирүүдө белгиленген.

Связанный пост