Чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу кампаниясынын алкагында республика боюнча 5825 унаа каттоодон өттү

Чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу кампаниясынын алкагында республика боюнча 5825 унаа каттоодон өттү.
Аймактар боюнча караганда:
- Бишкек шаарында — 1404;
- Ош шаарында — 337;
- Баткен облусунда — 301;
- Жалал-Абад облусунда— 807;
- Нарын облусунда — 140;
- Ош облусунда — 792;
- Талас облусунда – 286;
- Чүй облусунда – 1540;
- Ысык-Көл облусунда – 218.
Кыймылдаткычынын кубаттуулугу боюнча:
- 2000 куб метрге чейин — 3452 унаа
- 2000 куб метрден ашык — 2373
Каттоо жолу боюнча:
- Жекече берилген — 5133
- Камакка алынган лоттордон берилген — 692
Эске салсак, мыйзамдаштыруу кампаниясы 2025-жылдын 1-апрелинде башталып, ушул жылдын 1-октябрына чейин уланат.
Ал 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга ташылып келген, бажылык тариздөөдөн өтпөгөн жана укук белгилөөчү документтери жок чет өлкөлүк мамлекеттик номерлери бар транспорт каражаттарын каттоого багытталган.