Чет өлкөлүк унааларды легалдаштыруунун жаңы мөөнөтү бекитилди
Кыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унааларды кошумча легалдаштыруу тартиби бекитилди.
Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бул чечим президенттин 2026-жылдын 3-июнундагы №197 жарлыгын аткаруу алкагында кабыл алынды.
Ошентип, чет өлкөлүк номурдагы транспорт каражаттарын кошумча жана акыркы жолу легалдаштыруу 2026-жылдын 10-июлунан тартып 1-сентябрына чейин (аны кошкондо) жүргүзүлөт.
Унааларды каттоо жана уюштуруу иштерин президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор ишке ашырат. Ички иштер министрлиги жана Мамлекеттик чек ара кызматы бул жараянга зарыл болгон маалыматтарды өз убагында берүүнү камсыз кылат.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.