Бишкекте арзан баада эт сатуучу көчмө фудтрактар ишке кирди

 Бишкекте арзан баада эт сатуучу көчмө фудтрактар ишке кирди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун катышуусунда калкты арзан баада эт менен камсыз кылуучу көчмө фудтрактарды (унаа-дүкөндөрдү) тапшыруу аземи өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, иш-чарага “Кыргыз Агрохолдинг” ААКынын жетекчилиги, Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев жана министрликтин жамааты катышты.

Белгиленгендей, министрликтин алдындагы “Кыргыз Агрохолдинг” тарабынан аталган фудтрактар даярдалып, Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте шаардын бардык райондоруна орнотулат.

Пилоттук долбоордо 10 фудтрак ишке берилип, келечекте алардын санын көбөйтүү каралган.

“Бул долбоор республикалык бюджеттен каражат тартпастан ишке ашырылды. Министрлик “Кыргыз Агрохолдинг” аркылуу ушундай социалдык долбоорду ишкананын чарбалык ишмердүүлүгүнөн түшкөн өз каражаттарынын эсебинен ишке ашырууда. Бул мамлекеттик ишканалар натыйжалуу иштеп гана тим болбостон, маанилүү социалдык милдеттерди да ийгиликтүү аткара аларын көрсөтөт. Эт калкка соода үстөк акысы кошулбастан сатылат. Бүгүнкү күндө анын баасы 1 килограммына 680 сом болуп белгиленген. Долбоордун социалдык багытын камсыз кылуу максатында бир адамга 5 килограммдан ашык эмес эт сатылат”, – деди министр.

Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев мэрия “Кыргыз Агрохолдинг” ААКы менен тыгыз иштешип жатканын, учурда фудтрак коюу үчүн 12 орун даярдалганын, дагы да орундарды таап берүүгө мэрия даяр экендигин билдирди.

Связанный пост