Чет өлкөлүк номерлүү унааларга карата рейд башталат
Жакынкы күндөрү чет өлкөлүк номерлүү унааларга карата ири масштабдагы рейд жүргүзүлөт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Эмил Жакыпов билдирди.
Анын айтымында, буга чейин өткөрүлгөн рейддердин жүрүшүндө 1000ден ашуун чет өлкөлүк номерлүү унаа аныкталган.
Белгилей кетсек, өлкө башчысынын жарлыгына ылайык, 1-октябрга чейин Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн мындай унаалар кыргыз номерлерин алуу милдетин аткарышы керек болчу. Номер албаган автоунааларды тетик катары сатылышы, өлкөдөн чыгарылышы же утилдештирилиши эскертилген.
Маалыматка ылайык, жакынкы күндөрү өткөрүлө турган рейддер учурунда чет өлкөлүк номерлүү унаалар аныкталса, алар айып короо жайына токтотулуп, андан ары утилдештирилет.