Чет өлкөдө 100 шайлоо тилкеси ачылат

 Чет өлкөдө 100 шайлоо тилкеси ачылат

Чет өлкөдө 100 шайлоо тилкеси ачылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда чет өлкөлөрдө 51 шайлоо участогу ачылган.

“Биз жарандардын шайлоо укугун камсыздап берүү үчүн дагы 49 шайлоо тилкесин ачкан жатабыз. Муну менен жалпы жонунан чет өлкөлөрдө 100 шайлоо тилкеси болот”, – деди ал.

Ошондой эле Тынчтык Шайназаров белгилегендей, шайлоочулар тизмеден өзүн 19-ноябрга чейин такташы керек.

Белгилей кетсек, өлкөдө 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Ар бир округда үч мандат үчүн талапкерлер ат салышат. Парламентке 30 округдан 90 депутат шайланып келет.

Связанный пост