Чек ара көзөмөл пункттары боди-камералар менен камсыздалууда

 Чек ара көзөмөл пункттары боди-камералар менен камсыздалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги чек ара көзөмөл пункттарын боди-камералар менен жабдуу иштерин баштады.

Ведомстводон маалымдашкандай, боди-камералар ветеринардык, фитосанитардык, жер жана суу ресурстарын көзөмөлдөө кызматтарынын инспекторлоруна берилет.

Негизги максат — жеринде жүргүзүлгөн иш-аракеттердин ачыктыгын жана мыйзамдуулугун камсыз кылуу, кызматкерлердин жоопкерчилигин жана тартибин жогорулатуу, ошондой эле жарандардын жана ак ниет ишкерлердин укуктарын коргоо.

Боди-камералар текшерүүлөрдү, кароолорду жана чарба субъекттери менен болгон өз ара аракеттерди жүргүзүүдө колдонулат. Бардык видео жазуулар министрликтин Кырдаалдык борборуна автоматтык түрдө жөнөтүлүп, реалдуу убакыт режиминде анализ жана мониторинг жүргүзүлөт. Бул ыкма мүмкүн болгон мыйзам бузууларга ыкчам чара көрүүгө, адам факторун азайтууга жана мамлекеттик көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөт.

Видео каттоо системасын киргизүү министрликтин көзөмөл функцияларын санариптештирүү жана мамлекет менен коомдун ортосундагы ишенимди бекемдөө багытындагы маанилүү кадам болуп саналат.

Күтүлгөн жыйынтык — инспекторлордун ишинин ачык, отчеттуу жана коопсуз болушу, коррупциялык тобокелдиктердин азайышы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын жогорулашы.

Связанный пост