“Чечме” булагы Кыргызстандын аймагында калды
Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы К.К. Ташиев жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри А.Н.Арипов кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен жыйынын өткөрдү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагында Чечме (Чашма) булагын кармап туруу менен кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясын өткөрүүнүн мүнөздөмөсү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чечме (Чашма) булагын биргелешип пайдалануу жөнүндө макулдашуунун долбоорунун негизги шарттары бекитилди.
Тараптар «Чечме» («Чашма») Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын элдеринин жалпы мурасы экенин өзгөчө белгилешти. Кыргыз тарап Өзбекстан Республикасынын жарандарынын аталган булакка эркин жана тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылуу, булактын иш жүзүндө түзүлгөн суу объектисинин үчтөн эки бөлүгүн өзбек тарапка пайдалануу, ошондой эле булактын суу ресурстарынын көлөмүнө жана сапатына таасир этиши мүмкүн болгон бардык аракеттерди өзбек тарап менен макулдашуу боюнча макулдашууларга жетишилди.
Мындан тышкары, тараптар достук жана ынак коңшулаштык маанайда эки өлкөнүн жарандарынын бул булакты толук пайдалануусуна тоскоол боло турган кандайдыр бир чараларга жол бербөө боюнча сүйлөштү.
Тараптар кыска мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы “Чечме” (“Чашма”) булагын биргелешип пайдалануу жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек ара тилкеси тууралуу келишимге, кол коюуга макулдашышты.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мындан тышкары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөн айрым өткөрүү пункттарынын статусу жана иштөө режими боюнча жалпы позициялар талкууланды. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарынын ишине карата бириктирилген мамилени иштеп чыгуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жогору бааланды, анткени бул жарандардын өз ара барууларын жана ташууларды жүзөгө ашырууну кыйла жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет.
Эки өлкөнүн калкы үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында 2004-жылдагы Макулдашууга жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарына протоколго тез арада кол коюунун жана өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Тараптар жакын арада эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топтордун жолугушуусун өткөрүүнү макулдашышты.
Кабыл алынган чечимдер эки боордош мамлекеттин башчылары тарабынан аныкталган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны достук, коңшулук, тынчтык жана ынтымактын чек арасына айландыруу боюнча курска толугу менен шайкеш келет.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлду. Жолугушуу салттуу конструктивдүү жана достук маанайда өттү.