Чаткалдын тоо-кен тармагына $216 млн ашык инвестиция салынды
Чаткал районунун экономикасын өнүктүрүүдө тоо-кен тармагы маанилүү орунду ээлеп, ага тартылган инвестициялардын көлөмү кыйла өстү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, аймактын экономикасынын негизги таянычтарынын бири болгон тоо-кен тармагына тартылган инвестициялардын жалпы көлөмү 216,6 миллион АКШ долларын түзөт.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Чаткал районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышууда.