Чаткалдын Ак-Сай жайлоосунда дайынсыз болгон үч жарандын сөөгү табылды

 Чаткалдын Ак-Сай жайлоосунда дайынсыз болгон үч жарандын сөөгү табылды

Чаткал районунун Ак-Сай жайлоосунда дайынсыз болуп жаткан үчүнчү жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Ведомстводон маалымдашкандай, буга чейин куткаруучулар тарабынан 2 жарандын сөөгү табылып, тик учак менен Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилген.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары калган 3 жарандын сөөгүн издөө иштерин жүргүзүүдө.

 

Эске салсак, 9-октябрда Каныш-Кыя айылынан 14 тургун жана бир чет элдик жаран Эндик сейрек кездешүүчү өсүмдүктүн тамырын издөө үчүн тоого чыгып, дайынсыз жоголгон. 16-октябрда ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында 8 жаран аман-эсен табылып, 6 жаран дайынсыз болуп жаткан.

 

Бүгүн таң эрте издөө иштерине ӨКМдин тик учагы тартылган.

Связанный пост