Чаткалда суулардын деңгээли көтөрүлүп, унаа жолдорун каптады
Чаткал районунда катуу жааган жаандын кесепетинен дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, унаа жолдорун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-майда саат 14:10 чамасында жааган жаандан улам Терек-Сай суусунун деңгээли көтөрүлүп, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун 37-чакырымын суу каптаган. Учурда жол ачык жана унаалардын өтүүсүнө эч кандай чектөөлөр жок.
Ошондой эле Касан-Сай суусунун да деңгээли көтөрүлүп, аталган унаа жолдун 30-чакырымындагы (Кош көпүрө тилкеси) жолго ашкан. Бул тилкеде да унаа кыймылы токтотулган эмес.
Кырсыктын кесепеттерин жоюу жана алдын алуу үчүн атайын техникалар тартылып, Терек-Сай жана Касан-Сай сууларынын жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлдү.