Чүйдөгү жетим балдардын мектеп-интернатынын бүтүрүүчүлөрү үчүн үй курулуп жатат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Чүйдөгү жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын мектеп-интернатына барды.

 

Маалыматка ылайык, билим берүү мекемесинде 200гө жакын бала билим алат. Эдил Байсалов мектеп-интернаттын тарбиялануучуларынын жашоо шарты жана мекемедеги оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

 

Президент тарабынан 1 млн сом бөлүнүп, билим берүү мекемесинин аймагында кичи-футбол аянтчасы курулуп жатат.

 

Мындан тышкары, мектеп-интернатынын бүтүрүүчүлөрү үчүн демөөрчүлөрдүн жардамы менен мектептин айланасында турак жай курулууда.

 

Эдил Байсалов курулуш иштерин сапаттуу жана өз убагында аяктоо, ошондой эле бүтүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында Билим берүү жана илим министрлигине, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө мектеп-интернаттын материалдык-техникалык базасын жана инфраструктурасын жакшыртуу сыяктуу бир катар тапшырмалар берилди.

 

Ошондой эле минкаб төрагасынын орун басары Токмок шаарындагы бир катар социалдык объектилерде да болду.

Связанный пост