Чүйдө суу сактагыч курула баштады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттиин Администрация Жетекчиси Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу дарыясында декадалык жөнгө салуучу бассейндин курулушуна мезгил кутучасын салуу аземине катышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасынын Президенти өлкөнүн ирригация тармагын өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берерин белгиледи. Жыл сайын республикалык бюджеттен ирригация тармагын өнүктүрүүгө 1 млрд сомдон 3 млрд сомго чейинки көлөмдөгү каржы каражаттары бөлүнөт, ал эми мурда бүт республикага 200 млн сомдон ашык эмес каражат бөлүнчү.

«Калкты сугат суу менен камсыз кылуу максатында республика боюнча 44 ирригациялык объектинин курулушу пландаштырылган. Бүгүнкү күндө 10 объект толугу менен реконструкцияланып, пайдаланууга берилди, натыйжада 5 680 гектар жаңы сугат жерлери өздөштүрүлдү, 37 953 гектар сугат жерлеринин суу менен камсыз болуусу жакшыртылды жана 12 253 гектар жердин мелиоративдик абалы жакшыртылды. Суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу көйгөйлөрүн чечүү максатында 2024–2030-жылдары жалпы көлөмү 953,74 млн куб метрди түзгөн суткалык жана декадалык жөнгө салуучу 106 бассейнди (СЖБ, ДЖБ) куруу пландаштырылган. Алардын ичинен Чүй облусу боюнча жалпы сыйымдуулугу 188,4 млн куб метрди түзгөн 27 СЖБ жана ДЖБ куруу каралган», – деди ал.

Адылбек Касымалиев, бүгүнкү күндө Чүй облусунда 7 СЖБ жана ДЖБ боюнча иштер аяктаганын, 2 ДЖБда курулуш иштери жүрүп жатканын, 3 ДЖБнын долбоору иштелип жатканын кошумчалады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Ак-Суу дарыясындагы көлөмү 4,5 миллион куб метр болгон декадалык жөнгө салуучу жаңы бассейни Ак-Суу дарыясынын системасындагы бардык сугат жерлерин толук кандуу суу менен камсыздоого мүмкүндүк берерин кошумчалады.

Натыйжада төрт айыл аймагынын 6 500 гектар сугат жеринин суу менен камсыз болуу деңгээли жогорулайт. Долбоорду ишке ашыруу аймактын айыл чарбасынын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизип, чарбалардын жыргалчылыгын жогорулатууга өбөлгө түзөт, ошондой эле аймактын социалдык-экономикалык секторунун өнүгүшүнө түрткү берет.

Белгилей кетсек, учурда республика боюнча 2 700 км канал жана 4 263 гидротехникалык курулма калыбына келтирилип, 142 насостук агрегат оңдолуп, алмаштырылды. Ирригациялык тармак үчүн 301 даана атайын техника жана кызматтык автотранспорт сатылып алынган.

Связанный пост