Чүйдө күздүк буудай себүү иши кызуу жүрүүдө

 Чүйдө күздүк буудай себүү иши кызуу жүрүүдө

Чүй районунда күзгү айдоо жана себүү иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда “Мичурин” айыл чарба кооперативи тарабынан 50 гектар жер аянтка Канаданын “Жерси” сортундагы буудайдын үрөнүн себүү иштери аткарылууда.

Аталган буудай сорту башка сорттордон айырмаланып, түшүмдүүлүгү жогору экендиги менен белгилүү. Орточо алганда гектарынан 70–80 центнерден түшүм алуу күтүлүүдө. Бул көрсөткүч Кыргызстандын шартында жогорку натыйжа болуп эсептелет.

Айыл чарба адистеринин айтымында, “Жерси” сортуна суукка жана ар кандай климаттык шарттарга туруктуулугу, дан сапатынын жогору болушу жана тез бышып жетилүүсү мүнөздүү. Мындан улам, дыйкандар үчүн кирешелүүлүгүн камсыздап, экспорттук мүмкүнчүлүктү да кеңейтүүгө шарт түзөт.

“Мичурин” кооперативи мындан сырткары жерди өз убагында иштетүү, минералдык жер семирткичтерди туура колдонуу жана агротехникалык эрежелерди сактоо аркылуу түшүмдүүлүктү дагы жогорулатуу аракетин көрүп жатат.

Связанный пост